Turmush — Жети-Өгүз районунун Оргочор айыл аймагына караштуу Боз-Бешик айылында кокон гилас көчөттөрүн отургузуу иштери жүргүзүлдү. Бул тууралу Оргочор айыл өкмөтүнүн башчысы Нурдин Жусупов билдирди.
Анын айтымында, учурда гилас өстүрүлгөн аянттарды кеңейтүү максатында жаңы көчөттөр тигилип жатат.
«Биз гилас көчөттөрүн отургузуп, бул багытты өнүктүрүүгө аракет кылуудабыз. Келечекте түшүм берүүчү көчөттөрдү көбөйтүү маанилүү. Өлкө башчынын “Жашыл мурас” жарлыгынын алкагында Оргочор айыл аймагында көчөт тигүү иштери активдүү жүргүзүлүүдө», — деди ал.
Ал эми Боз-Бешик айылындагы Жайнак Желдеңбаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин директору Назгүл Алакенова бул демилге окуучулар үчүн да чоң тарбиялык мааниге ээ экенин белгиледи.
«Мектебибизде көчөт отургузууга окуучулар активдүү катышып, өз салымдарын кошушту. Биздин негизги максатыбыз — окуучуларды жарандыкка, мекенчилдикке жана эмгекке тарбиялоо. Келечекте өз алдынча иш жүргүзө алган, турмушта өз ордун таба билген инсандарды тарбиялоо маанилүү», — деди ал.
Мектепке жалпы суммасы 360 миң сомго 600 түп кокон гилас көчөтү Түркиядан алып келинген. Көчөттөр интенсивдүү ыкмада өстүрүлүп, 3 жыл ичинде түшүм бере турган италиялык сорт экени жана тиешелүү сертификаттары бар экендиги айтылды.
Иш-чаранын соңунда мектеп жамааты жана окуучулар демөөрчүлөргө ыраазычылык билдиришип, мындай демилгелер келечек муун үчүн чоң салым экенин белгилешти.