Turmush — Нарын шаарында эки адамды унаа сүзүп кетти.
Алдын ала маалымат боюнча, окуя кечээ, 29-мартта болгон. Кырсык болгон учур видеокамерага түшүп калган. Видеодон унаа катуу ылдамдыкта келе жатканын көрүүгө болот. Айдоочу озуп өтүүгө аракет кылып жатып, адамдарды сүзүп кеткен.
Кырсыктан кесепетинен эки адам оор абалда ооруканага жаткырылды.
Азырынча Нарын ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү окуя боюнча маалымат бере элек.
Эскертүү: сезимталдарга көрүү сунушталбайт!