Turmush — Кечээ, 25-мартта Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында эки унаа катышкан жол-транспорт кырсыгы катталды.
Күбөлөрдүн айтымында, кырсык Ахунбаев жана Жамансариев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
Ал эми Ысык-Көл ОИИБ тастыктаган маалыматка караганда, Каракол шаарынын тургуну Ч.Ж. «Daewoo Nexia» үлгүсүндөгү унаасын Ахунбаев көчөсү менен күн чыгыштан күн батышка карай башкарып бара жатып, башкы жолдо келе жаткан Каракол шаарынын тургуну И.Б.нын «Nissan X-Trail» унаасын сүзгөн. Экинчи унаа Жамансариев көчөсү менен түндүк тараптан түштүккө карай бара жаткан.
Кырсыктан жабыркагандар жок. Автоунаалар материалдык чыгымга учурады.