Turmush — Абдувалиев Бекзат Махаматжанович Ош шаардык мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, кызматка дайындоо тууралуу буйрукка 2026-жылдын март айынын башында кол коюлган.
Шаардык мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгы муниципалдык объектилерди долбоорлоо, куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоп-түзөө боюнча буюртмачы болуп саналат. Негизги ишине имараттарды (мектептер, ооруканалар) куруу, жолдорду, көпүрөлөрдү жана инженердик тармактарды шаардык бюджеттин эсебинен оңдоо кирет.
Буга чейин аталган башкармалыкты Акылбек Шамаев жетектеп келген. Ал өз арызынын негизинде кызматынан бошотулду.