Turmush — «Жалал-Абад облусунун ардактуу атуулу» наамы 4 жаранга тапшырылды. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка караганда, наам облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы жана көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн берилди. Облус жетекчилиги наама алган жарандардын коомдогу тартипти сактоо, жаш муунду туура жолго үндөө, адеп-ахлактык баалуулуктарды жайылтуу сыяктуу жоопкерчиликтүү жумуштарда көрсөткөн аракеттери чоң үлгү экенин айттты.
Ардактуу атуул наамын алган жарандар:
- Исмаилов Мухтаржан Арапович — Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгынын техникалык жана тейлөө персоналынын кадрлар бөлүмүнүн улук инспектору, отставкадагы милициянын улук лейтенанты;
- Раимкулов Зарылбек Кадыржанович — Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысынын коомдук коопсуздук боюнча орун басары, милициянын полковниги;
- Сулайманова Урница Бакировна — Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгынын медициналык кызматынын медайымы;
- Жээнбеков Нематилла Пусурманкулович — дин өкүлү.