Turmush — Нарын облусунун Ак-Талаа районунун тургундары президент катышкан Нооруз майрамында сынактын 3 түрү боюнча байгелүү кайтышты. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.
Кечээ, 21-мартта Нооруз майрамына карата Нарын шаарынын борбордук аянтында өткөрүлгөн «Арыба кыргызымдын нарктуулугу» долбоорунун негизинде «Мыкты боз үй», «Мыкты кол өнөрчү», «Мыкты сүмөлөк» жана «Мыкты улуттук даам» сынактары уюштурулган. Мындан тышкары, эстрада ырчыларынын катышуусунда чоң программадагы массалык маданий салтанат өткөрүлдү. Бул салтанатка өлкө башчысы Садыр Жапаров катышты.
Салтанаттын жүрүшүндө Ак-Талаа районунун Ала-Буга айыл аймагынан барган өкүлдөр сынактын 3 түрү боюнча байгелүү кайтып келишти.
Алар:
- «Мыкты боз үй» сынагында Кош-Дөбө айылы 2-орунду ээлеп, 90 миң сом менен сыйланды;
- «Мыкты сүмөлөк» сынагында Чолок-Кайың айылы 2-орунду камсыздап, 30 миң сом менен сыйланды;
- «Улуттук даам» сынагында 3-орунду ээлешти.
Мындан тышкары, алар 8 казан сүмөлөк кайнатышкан. Анын сыйлыгына ар бир казан сүмөлөк үчүн 10 миң сомдон жана кол өнөрчүлүк үчүн 10 миң сом сыйлык алышкандыгы маалым болду.