Turmush — Нооруз майрамына карата Нарын шаарында биринчи жолу 41 казанда сүмөлөк кайнатылды.
Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, Нарын шаарынан 8, Ак-Талаа районунан 8, Ат-Башы районунан 14, Нарын районунан 10 жана Кочкор районунан 1 казан сүмөлөк даярдалды. Жалпысынан иш-чарага эки миңге жакын айымдар жана мырзалар тартылды.
Жыйынтыгында калыстар тобу Нарын шаарындагы «Ата-Түрк» бала бакчасынын жамааты даярдаган сүмөлөктү эң мыкты деп таап, 100 миң сом байге менен биринчи орунду ыйгарды.
Экинчи орунга Ак-Талаа районунан келген №35 казандын сүмөлөгү ээ болуп, 50 миң сом сыйлыкка татыды. Ал эми үчүнчү орун Ат-Башы районунан келген №17 казандын сүмөлөгүнө ыйгарылып, алар 30 миң сомго ээ болушту.
Мындан тышкары, 20-март күнү 41 казан сүмөлөктү жасагандардын ар бирине 10 миң сомдон берилген.
Сүмөлөк сынагына жалпы 1 миллион 500 миң сом каражат сарпталды. Анын ичинен 590 миң сому байге фондуна бөлүнгөн.
Бүгүн, 21-мартта Нооруз майрамындагы салтанаттуу иш-чарага президент Садыр Жапаров катышты.