Turmush — Чүй облусунун Панфилов районундагы Вознесеновка айылындагы көчө Нооруз майрамына карата шарлар менен кооздолду.
Аталган айылдын 61 жаштагы тургуну Гүлнара Саитованын айтымында, Пушкин көчөсүнүн узундугу 1 чакырым 200 метрди түзөт. Жашоочулар өз демилгеси менен көчөнү кооздоп келет.
«Бул көчөдө 22 жылдан бери жашайм. 4 баланын, 11 неберенин энесимин. Узундугу 1 чакырымдан ашуун көчөбүздө 125 түтүн бар. Өткөн жылдардан баштап өз демилгебиз менен Нооруз майрамына карата ар бир үйдү жана көчөбүздү шарлар менен кооздоп келебиз. Ошондой эле коопсуздук үчүн түн ичинде да жарыктандырылды. Бул жылы 10500 сомго кооздодук.
Албетте, бул майрамдык маанай көтөрүү менен жашоочуларды тазалыкка да чакырат. Мындай демилге айыл өкмөтү тарабынан да колдоого ээ болууда. Ошондой эле бүгүн сүмөлөк даярдоо иштери жүрүп, майрам ар түрдүү оюн- зооктор менен коштолууда», - деди ал.
Нооруз майрамы райондун ар бир айыл аймагында белгиленүүдө. Өзгөчө, Осмонов атындагы мамлекеттик мемориалдык комплексинин аянтасында Курама айыл өкмөтү тарабынан даярдалган кооздук көпчүлүктүн көңүлүн бурду. Анда арчалар арасына боз үйлөр тигилип, оюн-зоок уюштурулуп жатат.