Turmush — Ак-Талаа районунда айыл чарбасын каттоо өнөктүгү башталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Ак-Талаа райондук статистика башкармалыгынын жетекчиси Алтынбек Андашевдин айтымында, Министрлер кабинетинин айыл чарбасын каттоо жана өткөрүү токтомунун жана Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын айыл чарбасына даярдык көрүү максатындагы буйругунун негизинде бүгүн 20-март күнү атайын окутулган адистер жана райондук статистика башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте айыл чарба обьектилерин каттоого старт берилди. Тактап айтканда, айыл чарбасын каттоого айыл чарба жерлери, мал, сарайлар, айыл чарба азык-түлүктөрүн өндүргөн ишканалар жана кичи цехтер, айыл чарба техникалары, үй канаттуулары каттоого алынат.
Айыл чарбасын каттоого алуу өнөктүгү үчүн Ак-Талаа району боюнча 1 өкүл, 1 башкы адис жана 2 координатор дайындалган. Ошондой эле, Ала-Буга айыл аймагы боюнча 2 инструктор, 7 каттоочу, Кара-Бүргөн айыл аймагы боюнча 1 инструктор, 4 каттоочу, Тоголок Молдо айыл аймагы боюнча 2 инструктор 8 каттоочу жана Баетов айыл аймагы боюнча 3 инструктор жана 10 каттоочу иш жүргүзүп башташкандыгы маалым болду.
Бул өнөктүккө Ала-Буга айыл өкмөтүнүн бюджетинен 100 миң сом, Кара-Бүргөн айыл өкмөтүнүн бюджетинен 80 миң сом, Баетов айыл өкмөтүнүн бюджетинен 100 миң сом жана Тоголок Молдо айыл өкмөтүнүн бюджетинен 200 миң сом акча бөлүнгөн.