Turmush — Бүгүн, 20-мартта Ош облусундагы 425 мечитте Орозо айт намазы окулду. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, намазга мииңдеген адамдар катышты. Бардык мечиттерде Айт намазы тынч өттү.
Буга чейин Ош облусу боюнча Айт намаз окулуучу мечиттердин саны белгилүү болгон.
1. Алай району — 42;
2. Кара-Кулжа району — 18;
3. Чоң-Алай району — 6;
4. Араван району — 35;
5. Өзгөн району — 69;
6. Ноокат району — 93;
7. Кара-Суу району — 162.