Turmush — Кант шаарынын Люксембург айылында 22 жаштагы Ихтиандр кызы Гульбарчын 4 күндөн бери дайынсыз болуп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга апасы билдирди.
Анын айтымында, ал 14-март күнү болжол менен саат 21:00-22-00 чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда.
«Жанында көтөрүп жүргөн телефону өчүк болуп атат. Чачы кара түстө, ийинине чейин жайып жүрөт. Акыркы жолу аны дүкөндөрдүн биринен көрүшүптүр. Жергиликтүү милиция кызматкерлерине арыз жазылды», - деп айтылат маалыматта.
Гульбарчынды көргөн-билгендер болсо 0502 92 04 11 номерине кабарлап койсо болот.