Turmush — Республикалык форумда алма түшүмүнөн чемпион аталган фермер Бектур Жунушалиев тоо этегиндеги айылда туризм тармагын өнүктүрүүгө басым жасап жатат. Ал Чүй облусунун Панфилов районунда жашайт. Turmush басылмасынын кабарчысы фермер менен маектешти.
Бүгүнкү күндө республикада «Агродиалог-2026» форуму өтүп жатат. Анда чемпион аталган 46 жаштагы багбанчы Бектур Жунушалиев өз тажрыйбасы менен бөлүшүп, туризм тармагын өнүктүрүү боюнча ой бөлүштү.
«Панфилов районуна караштуу Чалдыбар айылынын тургунумун. Бакчабыз эки тоонун ортосундагы Талды-Булак айылында жайгашкан. Кенжебай айылы кичи мекеним. Жаш кезимде бул аймакта кой жайып жүргөн күндөрдө жаратылыштын кооздугуна кызыгуу менен келечекте бак өстүрүү кыялдарым түптөлгөн. Ал реалдуу турмушка ашып, 31 жашымда алма, өрүк, жүзүм жана башка бак көчөттөрүн отургуздум. Албетте, тоскоолдуктар жаралбай койгон жок. Тоо этеги болгон соң таштак жер эле. Маңдай тер төгүп, жерди жумшартып, таштан арылтып, багбанчылыкты өнүктүрө баштадым.
Учурда 2,5 гектар жер аянтына алманын голден, семеренко сортторун жана алмурут, өрүк, жүзүм, кулпунай, малина жана башка мөмө-жемиштер өстүрүп келем. Түшүмдүүлүк өтө жогору. Ошондуктан республикалык "Агродиолог-2026" форумуна катышып, чемпион аталдым.
Жаратылышы кооз жерде жайгашкан бакчама кызыгуу артып барат. Өткөн жылы эле Кытайдан, Америкадан, Германиядан, Япониядан келишип, тажрыйба бөлүшүп, кооздукка суктанып кетишти. Бул мен үчүн эле эмес, жалпы элим үчүн сыймык десем жаңылышпайм. Чет өлкөдөн келгендер туризм багытында да эс алышып, кыргыз жергесинин кереметине суктанышты», - деди фермер.
Ал жөмө-жемиштерди өстүрүү менен бирге гүлдөрдүн түрдүү сортторун өстүрүп, тоо этегин гүлзарга айлантып жатканын кошумчалады.
«Гүлдү өтө сүйөм. Табиятым ошондой. Таң эрте гүлдөргө суу берип, алар менен сүйлөшөм. Мени тыңшап угушат. Мындай кооз жаратылышка туристтер келе баштады. Эми туризм багытында да басым жасайм», - деди ал.