Turmush — Абийбилла Акматов Кадамжай районунун Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары болуп дайындалды.
Маалым болгондой, ал бул кызматка ротация жолу менен келди. А.Акматов буга чейин Орозбеков айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары болуп иштеп келген.
- Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн башчысынын буга чейинки орун басары Түгөлбай Кудайкулов Орозбеков айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары болуп которулду.
Абийбилла Акматов 1984-жылы Кадамжай районунун Орозбеков айыл өкмөтүндө төрөлгөн. 2002-2008-жылдары К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде билим алган. Уюштуруу жана жол коопсуздугу боюнча адис. Кийин Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде юридика боюнча билим алган.