Turmush — Кара-Дарыя жана Жазы дарыяларында суунун көлөмү жогорулады. Бул тууралуу Turmush басылмасына Өзгөн шаарынын вице-мэри Мирзохид Маматкасимов билдирди.
Анын айтымында, аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнөн улам Кара-Дарыя жана Жазы дарыяларында суунун көлөмү жогорулап, жээкке жакын аймактарда жашаган жарандар үчүн кооптуу абал жаралган. Мындай кырдаалга байланыштуу Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясы, шаардык мэрия жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өзгөн райондук бөлүмү тарабынан коопсуздук чаралары көрүлүп, дарыя жээктерин бекемдөө жана суунун нугун багыттоо иштери жүргүзүлүүдө.
«Аталган иш-чараларга жергиликтүү мамлекеттик мекемелер, жеке менчик ишканалар жана ыктыярдуу тургундар да өздөрүнүн техникасы жана күчү менен активдүү катышууда. Бул аракеттер жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана жаратылыш кырсыктарынын кесепетин алдын алуу максатында жүргүзүлүп жатат.
Жарандардан абал толук турукташканга чейин суунун жээгине жакын барбоону, тиешелүү органдардын көрсөтмөлөрүн так аткаруу жана ыкчам маалымдоолорго көңүл бурууну өтүнөбүз», - дейт Маматкасимов.
Өзгөн райондук администрациясынын маалыматына караганда, аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнөн улам Өзгөн районунда суу ташкыны коркунучу жаралды. Бүгүн, 18-апрелде саат 08:00дө Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан жарандык коргонуу кызматтары менен штаб өткөрүлдү.
Аткарылып жаткан иштер:
- Кара-Дарыя (Өзгөн шаары): «Таза-Суу» кампасын сактоо үчүн суунун нугун буруу иштери башталып, 2 экскаватор, 4 жүктөгүч тартылды;
- Жазы дарыясы (Ош—Бишкек көпүрөсү): 600 метр аралыкта дамбаны коргоо үчүн жеке техникаларды тартуу пландалууда;
- Жаңы-Өзгөн кварталы: 800 метр аралыкка сууну буруу иштерине техникалар тартылат;
- Кара-Шоро—Мырза-Аке жолу: 49–51-чакырымды суу жууп кеткен. №5 жол тейлөө мекемеси тарабынан экскаватор менен оңдоо иштери жүрүүдө.
- Кыймыл айылы (Төрт-Көл айыл аймагы): дамба жээгин бекемдөө жана суу нугун буруу үчүн техникалар тартылууда.