Turmush — Бүгүн, 17-апрелде Лейлек районунун Раззаков шаарында эл аралык деңгээлде акындардын жолугушуусу жана поэзия кечеси өтүп жатат.
Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, акын Курбаналы Сабыровдун 83 жылдыгына арналган салтанатка Министрлер кабинетинен өкүлдөр, мамлекетттик кызматкерлер катышууда.
Иш-чаранын алкагында акын Курбаналы Сабыровдун ысымы Раззаков шаарындагы көчөгө ыйгарылды.
Саамалыкка Өзбекстан, Тажикстан, Казакстандан өнөр ээлери келип катышууда. Эки күнгө созулган саамалыкта акындар тарыхый жерлерге барып, жаңы ырларын окушууда.