Turmush — Талас районунун Кеңеш айылынын 44 жаштагы тургуну Мээрим Тыналиева 5 кыз 1 уулдун апасы. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.
Өзүнүн айтымында, жолдошуна 18 жашында баш кошкон.
«1998-жылы мектепти аяктап, 1999-жылы Кеңеш айылына келин болгом. Жолдошум экөөбүз, таанышып, сүйлөшүп журуп баш кошконбуз. Мен 18 жашта, ал 20 жашта эле. Экөөбүз чоң үйдө жолдошумдун ата-энеси менен жашадык. Алар кийин өтүп кетишти.
5 кыз, 1 уулдун ата-энеси болдук. Эң эле кызыгы катары менен 6 кыз төрөдүм. Тилекке каршы 1 кызыбыз чарчап калган. Катары менен кыздар төрөлө берип, азыр эстесем, күлкүлүү учурлар дагы болуптур. Азыр 2 кызыбыз турмушта, 4 неберебиз бар.
Бешинчи кызыбыз төрөлгөндө «Катары менен кыз боло берет экен. Кызы жок туугандар болсо берип коелу» дегенибиз эсимде калыптыр (күлүп). Азыр ошол кызыбыз бизди багып жатат. Үйдө бардык жумуштарды кылып, наныбызды жасап, тамагыбызды бышырып коёт. «Бул кызыбызды берип койсок азыр эмне болмок?» деп калабыз. Алтынчы кызыбыз туулганда 23-февраль болчу. Төрөп эле, кыз же уул дегенди уга электе өзүмчө «23-февралда кантип кыз төрөлсүн, уул эле болуш керек» деп ойлонуп жаттым. Анан дарыгерлерге айтпаныздар деп жаткам. Бир маалда дарыгерлер урушканына болбой, жолдошум палатага чейин кирип келиптир. Баягы баланы таңуусун ачып, экөөбүз бир учурда ким экенин көрөлү дедик. Мен улам баланын таңууларын чечкен сайын, уул болсо экен деп тиленип жатам. Ачсак эле кыз. Жолдошум унчукпай, палатадан таарынган кишидей чыгып кетип калган. Азыр ошол кызын абдан жакшы көрөт. Анан «сен бизди карабай, таштап кеткенсиң» деп тамашалап калам. Чычалап «кой, андай кылган эмесмин» деп деп калат. Анан чарчап калган кызымды кошкондо жетинчисинде, 2017-жылы уулубузду төрөдүм.
Негизи кыз, уул дебей ар бир баланын өзүнүн ырыскысы, сүйүнүчү болот. Жолдошум экөөбүз 1 тыйын жөлөк пул алган жокпуз. Баарына шүгүр кылып, ак эмгек менен багып келе жатабыз. Жалаң дыйканчылык менен балдарыбызды дагы эмгекке үйрөтүп чоңойтуп жатабыз», - деди ал.