Turmush — Кадамжай районунун Халмион жана Кыргыз-Кыштак айыл аймактарында калкты таза суу жана айыл чарба жерлерин сугаруу үчүн сугат суу менен камсыз кылган 14 скважина насостору орнотулду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.
Маалым болгондой, бул насосторду орнотууга демилгечи жана демөөрчүлүк кылган Жоргорку Кеңештин депутаты Чолпон Султанбекова аталган аймактарда иш сапары менен болуп, бир канча скважина насосторунун ачылышына катышты. Ал өз сөзүндө скважина насосторун орнотуу аркылуу жергиликтүү айыл чарба продукциясын өндүрүүнүн натыйжалуулугун жана жергиликтүү жашоо чөйрөсүн жакшыртууга болорун айтты.
«Буга чейин алыскы аймактардагы жергиликтүү тургундар менен болгон жолугушууда эң негизги көйгөйлөрдүн бири катары таза суу жана сугат суулар экени айтылып келген. Андыктан бул көйгөйлөрдү мүмкүнчүлүгүбүзгө жараша чечүүнүн аракетин көрүп, Кадамжайдын Кыргыз-Кыштак жана Халмион айылдарына жалпысынан 14 скважина насосторун орнотуп бердик. Бүгүнкү иш-чарада Халмиондун Ынтымак жана Халмион айылдарына экиден 4 суу насосун орноттук. Буга Али Айоуб мырза да кол кабыш кылып жалпысынан 800 миң сом каражат жумшалды. Ушул эле Халмион жана Кыргыз-Кыштак аймактарына суу сордургучтарды (скважина) нөлдөн баштап куруп берүүнү пландап жатабыз. Бул долбоорлорго 3 млн сомдон 6 млн сомго жакын каражат жумшалат. Буйрйса өзүбүз демөөрчүлүк кылабыз», - деди Султанбекова.
Ошондой эле эл өкүлү иш сапарынын жүрүшүндө Халмион айылынын Таш-Төбө айылына жаңыдан курулушу башталган фельдшердик-акушерлик пунктунун (ФАП) имаратына демөөрчүлүк кылып, пайдубалына капсула салды. Бул долбоорго жалпысынан 1,7 млн сом акча каралган.
«Чындыгына бул айылдагы ФАПтын абалы авариялык абалда экен. Андыктан жергиликтүү эл менен болгон жолугушууда куруп берүүнү убада кылган элем. Бүгүн ошол күн келди.
Ошондой эле бүгүн Кадамжай шаарынын Каңды участкасында жаңы мечиттин ачылышын жасадык. Бул саамалыкты жергиликтүү элдин жана демөрчүлөрдүн жардамында жүзөгө ашырдык. Албетте элибиз үчүн колдон келген жардамды аябайбыз.
Баарыбызга маалым болгондой азыр дүйнө жүзүндө кырдаал башкача. Андыктан эң оболу кошуна мамлекеттер менен болгон чек арабызды батыраак чечип, бир жактуу болуп алганыбыз оң. Элибиз ар кандай кутумчулукка, бөлүнүп-жарылууга жол берген чакырыктарга азгырылбай, бирдиктүү иш алып барганыбыз туура болот», - деди депутат айым.