Turmush — Кадамжай районундагы «Пүлгөн» автобекетин шаардан чет тарапка жылдыруу пландалууда. Бул тууралуу Кадамжай шаарынын мэри Бакытбек Бегалиев билдирди.
Анын айтымында, автобекет шаардын борборунда жайгашкандыктан элдин агымы көбөйүп, жол тыгындарын пайда кылууда. Андыктан бекетти шаардан чет жакка жылдыруу керек.
«Ал автобекет жеке менчик жер болуп калган. Автобекетти чоңойтуп, башка жакка жылдуу пландарыбыз бар. Бирок Кадамжайда жерибиз тар. Жылдыра албай жүрөбүз. Эң тыгын жай ошол жер болуп жатат. Четирээк жактан жер таап, жылдыруу керек», - деди Бегалиев.
Бүгүнкү күндө Кадамжай шаарынын борборунда иштеп жаткан «Пүлгөн» автобекети 20 жыл мурда жеке адамдын колуна өтүп кеткен. Жергиликтүү бийлик жерди муниципадык менчикке кайтарып алуу үчүн сотко кайрылып, бирок утулуп калган.
«Жада калса биз соттошконбуз. Муниципалдык менчикке кайра алалы дегенбиз. Себеби, мэрия карабай жатасыңар деп арыз жазган. Бирок биздикилер утулуп калган», - деди мэр.
«Пүлгөн» автобекетинен Баткен облусунун бардык аймактарына шаарлар, айыл-кыштактар аралык каттамдар жүрөт. Союз учурунан бери өз ишин улантып келет.
Өздүк булактардын маалыматына караганда, «Пүлгөн» автобекети парламенттин мурдагы депутатынын жакындарына таандык. Ушул тапта автобекетти анын бир тууганынын балдары иштетип келет.
Бүгүнкү күндө аталган автобекеттин абылы эч кандай талаптарга жооп бербейт. Союз учурунда орнотулган отургучтардын тамтыгы чыгып, каралбай калган. Ажатканасы толуп, ал үчүн да элден 10 сомдон акы алышат. Ар тарабы ижарага берилген.