Turmush — Кечээ, 26-мартта Баткен облусунун тургундарына «Исмаил Матраимов» кайрымдуулук фонду тарабынан жалпы 150 тонна ун, 300 литрдей өсүмдүк майы жана 10 миң бет кап акысыз таратылды.
Маалым болгондой, Раимбек Матраимов демилгелеген бул жардам алгач Кызыл-Кыя, Кадамжай жана Айдаркен шаарларынын, Кадамжай районунун элине таратылган. Жергиликтүү бийлик тарабынан атайын тизме түзүлүп, жалпысынан 100дөн ашык үй-бүлөгө ун, май жана бет каптар жеткирилди. Жардам негизинен жергиликтүү бийлик тарабынан жакыр үй-бүлөлөргө, 1-2-топтогу майыптарга, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына, жетим-жесирлерге, жалгыз бой энелерге берилди.
Андан соң азык-түлүктөр Өзбекстан жана Тажикстан менен чектешкен Баткен районунун элине да жеткирилди. Жалпысынан миңден ашык үй-бүлөгө көмөк көрсөтүлдү. Чек араны бекемдеп турган айылдыктар «Исмаил Матраимов» фондуна ыраазычылыктарын билдиришти. Жергиликтүүлөр дүйнө элин дүрбөлөңгө салган коронавирус кооптуулук жаратып, коомчулукту түйшүккө салып турган учурда өз кызыкчылыгын, өз чөнтөгүн ойлогон ишкерлер жок эместигин айтышты. Алар жардамга муктаж адамдарга азык-түлүк, бет каптарды тараткан «Исмаил Матраимов» кайрымдуулук фондуна жана аны жетектеген парламенттин депутаты Таабалды Тиллаев баш болгон жигиттерге өздөрүнүн ыраазычылыгн билдиришти.
Ушундай эле жардам Лейлек району, Исфана жана Сүлүктү шаарларындагы жашоочуларга да берилди. Облус аймагында жалпысынан мүмкүнчүлүгү чектелген 13536 адам жана аз камсыз болгон 12341 үй-бүлө бар.