Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Баткен облусу 04.12.2014 18:57

Баткен суу чарба башкармалыгынын бөлүм башчысы пара менен кармалды

Turmush -  Баткен суу чарба башкармалыгынын бөлүм башчысы А.А. Аудитордук текшерүү ишин токтотуп коюу үчүн 2014-жылдын 2-декабрында Баткен ОИИБнын 5-бөлүмүнүн кызматтык кабинетинде 10 миң сом акча каражатын пара катары берип жаткан жеринен кармалды.

Бул факт Баткен ОИИБнын катчылыгына 20-ноябрда катталган Баткен суу чарба башкармалыгынын жетекчисинин арызынын негизинде Баткен ОИИБнын 5-бөлүмүнүн опер кызматкерлеринин аудитордук текшерүү иштерин жүргүзүү учурунда аныкталды.

Бул боюнча Кылмыш жаза кодексинин 314-беренесинин 2-пунктунун 1-бөлүмүнүн негизинде кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×