Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Баткен облусуКадамжай району 02.12.2014 13:49

Баткендеги чек ара өткөрмө бекетинде текшерүү учурунда жүрөгү кармап бир адам каза болду

Turmush -  Баткен облусунун Кадамжай районундагы Көк-Талаа-Пүлгөн жолундагы чек ара өткөрмө бекетинде 30-ноябрь күнү саат 14:00дор чамасында Кадамжай шаарынын тургуну 1973-жылы туулган таксист Абдулгай Аманов жүрөгү кармап каза болду.

Окуя чек арачылар текшерүүгө алган учурда катталган. Каза болгон жарандын унаасында 3 Өзбекстандын жараны болгон. Өзбек жарандары Баткен облустук УКМК тарабынан кармалып, иликтөө иштери жүрүүдө. Каза болгон жарандын туугандары өлүмгө эмне себеп болгонун такталышын талап кылышууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×