Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Баткен облусуКадамжай району 02.12.2014 09:59

Баткенде мыкаачылык менен адам өлтүрүүгө шектелген жарандын үстүнөн сот отуруму болот

Turmush -  Мыкаачылык менен адам өлтүрүүгө шектелген Баткен облусунун Кадамжай районунун тургуну 25 жаштагы С.У.нун үстүнөн сот отуруму бүгүн, 2-декабрда Кадамжай райондук сотунда болот. Бул тууралуу жабырлануучу тарап билдирди.

Мааламаттар боюнча, 2014-жылдын 7-мартынан 8-мартка караган түнү Кадамжай районунун Үч-Коргон айылында Кызыл-Кыя шаарынын тургуну 1977-жылы туулган Ю.Д. атуу аял мыкаачылык менен өлтүрүлгөн.

Каза болгон аялдын бир тууган иниси Эмил Юсуповдун айтымында, 8-март күнү саат 24:30дар чамасында аял мыкаачылык менен өлтүрүлүп, жансыз денеси 10-март күнү өлүкканадан табылган.

Милиция кызматкерлери кылмышка шектүү катары С.У. аттуу 25 жаштагы баланы кармашкан. Тергөөнүн жыйынтыгы менен аялды 11 жолу темир турба менен башына, денесине уруп өлтүргөндүгү аныкталган.

Өлгөн аялдын чөнтөк телефону кылмышка шектүү үйүнөн чыккан. Тергөөнүн башында шектүү жаран кылмышты толугу менен мойнуна алган.

Июнь айынан соттук кароолор башталып, кылмышка шектелген жарандын туугандары «милициялар коркутуп мойнуна алдырган» деген себеп менен жана адвокат алмаштырып, сот бүгүнкү күнгө чейин созулуп келет.

Бул иштин артынан Кадамжай РИИБде иштеген 7 милиция кызматкери убактылуу иштен четтетилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×