Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Баткен облусу, Айдаркен 02.12.2014 09:42

Айдаркенде унаанын толугу менен күйүп кетишине электр жабдууларын техникалык колдонууда эреженин бузулушу себеп болгон, - ӨКМ

Turmush -  Баткен облусунун Кадамжай районундагы Айдаркен шаарчасынын Курманжан Датка көчөсүндө М.Сайитхожаев деген жаранга таандык 48 чарчы метр гараж толугу менен күйдү, деп билдирет ӨКМ басма сөз кызматы.

Ичинде мамлекеттик № В 30-33 ВЛ болгон «Тойота-РАФ-4» унаасы толугу менен күйгөн, ээси 1938-жылы туулган М.Сайитхожаев, оң колунан 15% жаракат алып Айдаркен шаарчалык ооруканага жеткирилди.

Себеби - электр жабдууларын техникалык колдонууда эреженин бузулушу болгон.

Тема боюнча: Айдаркен шаарында унаа жарылып, айдоочу ооруканага жаткырылды (фото)

машина

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×