Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Баткен облусу 01.12.2014 16:10

УКМК Кыргызстандан Тажикстанга күйүүчү-майлоочу майларды аткезчилик жол менен алып чыгуунун туруктуу каналын ачыктады

Turmush -  УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын Баткен облусу боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, күйүүчү жана майлоочу майларды аткезчилик жол менен алып чыгуунун туруктуу каналы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 1-декабрда түзүмдөн маалымдашты.

Анын маалыматы боюнча, 2014-жылдын 23-ноябрында КР Баткен облусу боюнча УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан, баасы 1 млн 671 миң 232,5 сомду түзгөн, 41 миң 265 тонна көлөмүндөгү дизелдик май жүктөлгөн автоунаа мамлекеттик чек арадан өтүп бара жаткан кезде кармалган.

«Аталган факт боюнча УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын Баткен облусундагы тергөө бөлүмү тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинде (аткезчилик) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши коозголду»,- деп кабарлашты түзүмдөн.

Иликтөө жүргүзүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×