Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 01.12.2014 10:20

Кызыл-Кыянын эки спортчусу самбо боюнча дүйнөлүк чемпионатта коло медалдарына ээ болушту

Turmush -  Японияда ушул жылдын ноябрь айынын экинчи жарымында самбо боюнча дүйнөлүк чемпионат болуп өттү. Мелдешке 80 өлкөнүн спортчулары катышты.

Кызыл-Кыя өспүрүмдөр спорт мектебинин директору, машыктыруучу, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаты Замирбек Сыргабаевдин айтуусунда, Кыргызстандын атынан 15 самбочу катышты. Алардын ичинен экөө Кызыл-кыя шаарынан.

«Эки спортчу тең дүйнөлүк чемпионатта коло медалдарынын ээси болушту. Мухамедали Эргешов 52 кг салмакта жана Жаныбек Аматов 90 кг салмакта мелдешишти. Ж.Аматовго эл аралык класстагы спорттун чебеби наамы ыйгарылды. М.Эргешовго спорттун чебеби наамы берилди», - деп билдирди ал.

Самбо боюнча дүйнөлүк чемпионатты Россиянын белгилүү спортчусуФёдор Емельяненко ачты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×