Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Баткен облусуКадамжай району 27.11.2014 11:26

Баткен облусунда унаа менен Өзбекстандын 5 жаранын мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган Кыргызстандын жараны кармалды

Turmush -  Баткен облусунун «Кадамжай-автодорожный» өткөрүү пунктунда 26-ноябрда чек арачылар Кыргызстандын жаранын кармашты, анын автоунаасын текшерүүдө Өзбекстандын 5 жараны табылган. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнөн билдиришти.

Кыргызстандын жараны «Ауди» үлгүсүндөгү автоунаасынын аркасына Өзбекстандан Кыргызстанга Өзбекстандын 5 жаранын жашыруун алып өтүүгө аракет кылган.
Аялдар Орусиянын жарандары - жандарында документтери, өздүгүн тастыктоочу күбөлүктөрү жок болгон.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалгандар УКМКнын Баткен облусунун Кадамжай району боюнча кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×