Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 27.11.2014 09:38

Салык кызматынын Кызыл-Кыя шаары боюнча башкармалыгынын 2 кызматкерине 10 миң сомдон административдик айып салынды

Turmush -  Кызыл-Кыя шаарынын прокуратурасы тарабынан Мамлекеттик салык кызматынын Кызыл-Кыя шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери Ж.А жана О.М карата административдик өндүрүштүк козголду.

Шаардык соттун чечими менен 25-ноябрда жогоруда көрсөтүлгөн кызматкерлердин ар бирине 10 миң сомдон административдик өндүрүү коюлган.

Мамлекеттик салык кызматынын Кызыл-Кыя шаары боюнча башкармалыгынын көрсөтүлгөн кызматкерлери өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аларга берилген участкаларында аткарышкан эмес.

Алар 2012-жылдан бери патенти жок ишмердүүлүк жүргүзүп келген жеке ишкерлерге тиешелүү көзөмөл жүргүзүшкөн эмес.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×