Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Баткен облусуКадамжай району 25.11.2014 15:05

Кадамжайда бирөөнүн унаасын алдоо жолу менен алып, сатып жиберген жарандын иши соттук кароого жиберилди

Turmush -  Баткен облусунун Кадамжай районундагы Алыш айылынын 1967-жылы туулган К.К. аттуу тургуну ошол эле айылдын жашоочусу Дамира Жолдошеванын «Хундай-Портер» үлгүсүндөгү унаасын алдоо жолу менен алып, сатып жиберген.

Кадамжай РИИБнен маалымдашынча, алдоо жолу менен унааны саткан жаран издөөгө алынып, иликтөө иштеринин натыйдасында кармалды. Унааны 8000 АКШ долларына сатканы аныкталып, күнөөсүн толугу менен мойнуна алган.

Аталган факт боюнча иш соттук кароого жөнөтүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×