Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Баткен облусу 25.11.2014 09:17

Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 8 өрт кырсыктары катталды

Turmush -  Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 8 өрт кырсыктары катталып, аларды өчүрүүгө 8 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылды, деп билдирди бүгүн, 25-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

Электр жабдууларын техникалык пайдалануу эрежелеринин бузулушунан улам, Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы Караван айылынын Миң-Булак көчөсүндөгү №14 даректе жайгашкан турак үйдөн өрт чыкты. Өрттүн кесепетинен эки бөлмөнүн жалпы аянты 32 чарчы метр жыгач шыбы, жыгач полу, үй эмеректери жана төшөнчүлөр күйүп кетти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×