Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 24.11.2014 14:15

Кызыл-Кыя шаарында 10 айда коомдук жайда 21, көчөдө 9 кылмыш иши катталган

Turmush -  Баткен областынын Кызыл-Кыя шаарында былтыркы жылга салыштырмалуу быйылкы жылдын 9 айында коомдук жайда 7ге, ал эми көчөдө 2ге көп кылмыш катталган.

Кызыл-Кыя ШИИБнин маалыматы боюнча, былтыркы жылы 10 ай ичинде коомдук жайда 14, көчөдө 7 кылмыш катталса, быйылкы жылдын 10 айында коомдук жайда 21, ал эми көчөдө 9 кылмыш иши катталган.

Берилген маалыматка таянсак, зөөкүрчүлүк боюнча быйылкы жылы 2, тоноочулук боюнча 12, уурулук боюнча 5 кылмыш катталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×