Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Баткен облусуЛейлек району 24.11.2014 10:48

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара аймагында кечээ жер титирөө катталды

Turmush -  Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында кечээ, 23-ноябрда жер титиреди, деп билдирди ӨКМ басма сөз кызматы.

Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө кечээ саат 07:37лер чамасында катталып, эпицентринде күчү 3 баллга жеткен.

Жер титирөөнүн очогу Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара аймагында жайгашып, Шибе айылынан түштүктү карай 25 км, Кара-Теит айылынан түштүк-чыгышты карай 30 км жайгашкан. Калктуу конуштарда жер силкинүүнүн күчү байкалган эмес.

Алдын ала маалыматтар боюнча, кыйроолор жана жабыркагандар болгон жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×