Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Баткен облусу, Баткен 24.11.2014 10:11

Соттук департаменттин Баткен облустук башкармалыгынын башчысы Т.Атамбеков Баткен облусунун сот аткаруучуларынан акча талап кылат, - сот аткаруучулар

Turmush -  Баткен облусунун сот кызматкерлери өлкө башчысы А.Атамбаевге, парламенттин депутаттарына, Жогорку Соттун төрагасына жана Соттук департаментке Соттук департаменттин Баткен облустук башкармалыгынын башчысы Таалай Атамбековго карата кызматтык тергөө жүргүзүп, кызматынан алуу талабы менен кайрылышты.

Маалыматка ылайык, Т.Атамбеков кызматынан пайдаланып, Баткен облусунун сот аткаруучуларынын артынан түшүп, алардан акча каражатын талап кылуу менен бюджеттик каражаттарды өзүнө ыйгарып алууда.

Сот аткаруучулардын айтымында, Т.Атамбеков кызматынан кыянат пайдаланып, жеке башкаруучулук менен алектенүүдө.

Маалым болгондой, коллективдүү кайрылууга Баткен облусунун бардык сот аткаруучулары жана Соттук департаменттин Баткен облустук башкармалыгынын кызматкерлери кол койду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×