Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 20.11.2014 15:57

Кызыл-Кыяда рейд учурунда 100дөн ашык мыйзам бузуучулар кармалды

Turmush -  Кызыл-Кыядагы «Укук тартиби» рейдинин жүрүшүндө 100дөн ашык мыйзам бузуучулар кармалды.

Кызыл-Кыянын ички иштер бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары подполковник Нурланбек Буркановдун айтымында, 18-19-ноябрда Кызыл-Кыя шаарында «Укук тартиби» рейди өткөрүлүп, анын жүрүшүндө укук тартибин бузгандарга 53 протокол түзүлдү.

Ошондой эле, оор кылмыштын (тоноо) бети ачылды. 366 автоунаа текшерилди.

Жол кыймылынын эрежелерин бузгандарга 52 протокол түзүлдү. Үч тилкеде паспорттук режимди сактоо боюнча текшерүү жүргүзүлдү.

4 миң адам жашаган 2600 үй кожолуктары текшерилди.

Бардык укук бузуучулар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×