Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Баткен облусуКадамжай району 19.11.2014 13:20

Кадамжайда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн аялдын өлүмүнө шектелген жарандын үстүнөн сот отуруму белгисиз мөөнөткө жылдырылды

Turmush -  Мыкаачылык менен адам өлтүрүүгө шектелген Баткен облусунун Кадамжай районунун тургуну 25 жаштагы С.У.нун үстүнөн сот отуруму кайрадан белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Буга кылмышка шектелип, кармалган жарандын жактоочусунун ден-соолугунун абалына байланыштуу отурумга келе албай турганы себеп болгон. Булл тууралуу жабырлануучу тарап билдирди.

Эске салсак, кечээ 18-ноябрда каза болгон аялдын туугандары кылмышка шектелген жарандын үстүнөн сот өкүмү чыкпай келе жатканына нааразычылыктарны билдирип, Акипресс-Ошто маалымат жыйын өткөрүштү.

Мааламаттар боюнча, 2014-жылдын 7-мартынан 8-мартка караган түнү Кадамжай районунун Үч-Коргон айылында Кызыл-Кыя шаарынын тургуну 1977-жылы туулган Ю.Д атуу аял мыкаачылык менен өлтүрүлгөн.

Каза болгон аялдын бир тууган иниси Эмил Юсуповдун айтымында, 8-март күнү саат 24:30дар чамасында аял мыкаачылык менен өлтүрүлүп, жансыз денеси 10-март күнү өлүкканадан табылган.
Милиция кызматкерлери кылмышка шектүү катары С.У. аттуу 25 жаштагы баланы кармашкан. Тергөөнүн жыйынтыгы менен аялды 11 жолу темир турба менен башына, денесине уруп өлтүргөндүгү аныкталган.

Өлгөн аялдын чөнтөк телефону кылмышка шектүү үйүнөн чыккан. Тергөөнүн башында шектүү жаран кылмышты толугу менен мойнуна алган.

Июнь айынан соттук кароолор башталып, кылмышка шектелген жарандын туугандары «милициялар коркутуп мойнуна алдырган» деген себеп менен жана адвокат алмаштырып, сот бүгүнкү күнгө чейин созулуп келет.

Тема боюнча: Кадамжайда 37 жаштагы аялды мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелген жарандын үстүнүн сот отуруму бүгүн болот

Кадамжай районунда мыкааачылык менен өлтүрүлгөн кыздын туугандары Башкы прокуратурага нааразычылыгын билдиришти

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×