Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Баткен облусуКадамжай району 18.11.2014 17:29

Кадамжайдагы окуучулар ортосунда чыр чыккан гимназия мектебинде 19-ноябрда ата-энелер чогулушу болот

Turmush -  Эртен, 19-ноябрда Баткен облусунун Кадамжай районунун Орозбеков айылындагы «Охна» гимназия мектебинде ата-энелер чогулушу болот. Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнөн билдиришкендей, жыйын 17-ноябрдагы окуучулардын мушташы тууралуу болмокчу.

Кадамжай районундагы окуучулардын ортосундагы мушташуу боюнча бүгүн, 18-ноябрда «Охна» гимназия мектебинде Кадамжай райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин биринчи орун басары Ж.Исаков, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Х.Токтосунова, Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары Э.Кадыров, мектептин администрациясы, мектептин мугалимдеринин жана окуучуларынын, ата-энелердин катышуусунда жыйналыш болуп өттү.  

Кадамжай райондук билим берүү бөлүмү Орозбеков айыл аймагынын «Охна» гимназия мектебинин окуучуларынын ортосундагы мушташуу тууралуу билдирүүсундө, мушташтын келип чыгышына  9 «а» класстын окуучусу Тажибаев Эрнис менен Акылбек уулу Уландын ортосунда сөз талашуусу себеп болгон.

Мушташкан окуучу Акылбек уулу Улан 10 «в»класста окуйт, башынан жеңил жаракат алган. Тез жардамга барып, алгачкы медициналык жардамды алган, бирок ата-энесинин бул боюнча эч кандай дооматы жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×