Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Баткен облусуКадамжай району 18.11.2014 15:58

Кадамжай районунда мектеп окуучулары арасындагы массалык мушташ тууралуу иликтөө иштери жүрүүдө, - РИИБ

Turmush -  Баткен облусунун Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагындагы «Охна» гимназия мектебинин 50-60дай окуучу балдар арасында мушташ тууралуу иликтөө иштери жүрүүдө.

Кадамжай РИИБнин жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын башчысы Бактыяр Жалаловдун айтымында, бул боюнча аймактык тескөөчүлөр иликтеп жатканын билдирди.

«50-60 дай окуучу мушташты деген чындыкка дал келбейт. Себеби, кечээ гимназия мектебинде ишембилик болгон. Бул боюнча териштирүү жүрүп жатат. кошумча маалымат беребиз»,-дейт Б.Жалалов.

Маалыматтар боюнча кечээ, 17-ноябрда «Охна»гимназия мектебинин окуучулары ортосунда мушташ чыкканын Кадамжай райондук администрациясынын кызматкери аймактык кабарчыга маалымдаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×