Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Баткен облусуКадамжай району 18.11.2014 12:51

Кадамжай районунда мыкааачылык менен өлтүрүлгөн кыздын туугандары Башкы прокуратурага нааразычылыгын билдиришти

Turmush -  Мыкаачылык менен өлтүрүлгөн Кызыл-Кыя шаарынын Ю.Д атуу тургунунун туугандары бийлик органдарына нааразычылыгын билдирди. Бүгүн,18-ноябрда каза болгон аялдын апасы Авазгул Юсупова АКипресс-Ошто өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, сот ишин адилеттүү чечип берилүүсүнө жардам бериштерин сурап, Президентке 2 жолу, Башкы прокуратурага 2 жолу, Акыйкатчыгы 2 жолу кат аркылуу кайрылган.

Бирок, жооп келбей, Башкы прокуратурадан жооп иретинде келген конверт бош келген.

«Президентке, Башкы прокуратурага, акыйкатчыга кат аркылуу кайрылдык. Башкы прокуратура жөткөн кат бош болуп,конверттин ичинде эч нерсе жок. Эмне жардам сурагандарды ушинтип шылдын кылышабы? Анан Башкы прокуратурага барсам, облустук прокуратурага кайрылышыбызды айтты. Облустук прокурору кабинетинен кууп чыгып, камап коешун айтып, кайра опуза кылды. Биз кимге кайрылабыз?»,-дейт А.Юсупова.

Эске салсак, 2014-жылдын 7-мартынан 8-мартка караган түнү Кадамжай районунун Үч-Коргон айылында Кызыл-Кыя шаарынын тургуну 1977-жылы туулган Ю.Д атуу аял мыкаачылык менен өлтүрүлгөн.
Маалыматтар боюнча, 8-март күнү саат 24:30дар чамасында аял мыкаачылык менен өлтүрүлүп, жансыз денеси 10-март күнү өлүкканадан табылган.

Милиция кызматкерлери кылмышка шектүү катары С.У. аттуу 25 жаштагы баланы кармашкан. Тергөөнүн жыйынтыгы менен аялды 11 жолу темир турба менен башына, денесине уруп өлтүргөндүгү аныкталган.

Өлгөн аялдын чөнтөк телефону кылмышка шектүү үйүнөн чыгат. Тергөөнүн башында шектүү жаран кылмышты толугу менен мойнуна алган.

Июнь айынан соттук кароолор башталып, кылмышка шектелген жарандын туугандары «милициялар коркутуп мойнуна алдырган» деген себеп менен жана адвокат алмаштырып, сот бүгүнкү күнгө чейин созулуп келет. Сот отуруму эртен,19-ноябрда Кадамжай райондук сотунда каралат.

Тема боюнча: Кадамжай районунда мыкаачылык менен адам өлтүрүүгө шектелген жаранга карата өкүм чыкпай келет, - жабырлануучу тарап (фото)

6

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×