Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Баткен облусуКадамжай району 18.11.2014 12:39

Кадамжай районунда мыкаачылык менен адам өлтүрүүгө шектелген жаранга карата өкүм чыкпай келет, - жабырлануучу тарап (фото)

Turmush -  Мыкаачылык менен адам өлтүрүүгө шектелген Баткен облусунун Кадамжай районунун тургуну 25 жаштагы С.Унун үстүнөн сот өкүмү чыкпай келе жатканына жабырлануучу тарап нааразылыгын билдирип, бүгүн, 18-ноябрда Акипресс-Ошто маалымат жыйын өткөрүштү.

Каза болгон аялдын апасы Авазгул Юсупованын айтымында, кылмышке шектүү жаран кармалган учурда күнөөнү толук мойнуна алган менен, азыркы учурда ар кандай шылтоо менен сот созулуп келет.

«Мен кызымды өлүп жатканын сүрөттөн көрдүм. Өлүкканада тартылган сүрөттү милициялар көрсөтүштү. Тусун таанылгыс болуп калган экен. Мыкаачылык менен өлтүрүлдү. 5 жолу сот болду. Бирок, сот отуруму кызымды өлтүрүлгөндүгүн адвокаттары келбей коюп, отурум үзгүлтүккө учурап жатат. Анын ата-энеси «баламды милициялар уруп мойнуна алдырган» деп арызданган экен, 7 милиция убактылуу иштен четтетилди. Кызымдын буюму ошонун үйүнөн чыкса, тергөөдө мойнуна алса да өкүм чыкпай жатат», -деп кошумчалады каза болгон аялдын апасы А.Юсупова.

Эске салсак, 2014-жылдын 7-мартынан 8-мартка караган түнү Кадамжай районунун Үч-Коргон айылында Кызыл-Кыя шаарынын тургуну 1977-жылы туулган Ю.Д атуу аял мыкаачылык менен өлтүрүлгөн.

Каза болгон аялдын бир тууган иниси Эмил Юсуповдун айтымында, 8-март күнү саат 24:30дар чамасында аял мыкаачылык менен өлтүрүлүп, жансыз денеси 10-март күнү өлүкканадан табылган.

Милиция кызматкерлери кылмышка шектүү катары С.У. аттуу 25 жаштагы баланы кармашкан. Тергөөнүн жыйынтыгы менен аялды 11 жолу темир турба менен башына, денесине уруп өлтүргөндүгү аныкталган.

Өлгөн аялдын чөнтөк телефону кылмышка шектүү үйүнөн чыгат. Тергөөнүн башында шектүү жаран кылмышты толугу менен мойнуна алган.

Июнь айынан соттук кароолор башталып, кылмышка шектелген жарандын туугандары «милициялар коркутуп мойнуна алдырган» деген себеп менен жана адвокат алмаштырып, сот бүгүнкү күнгө чейин созулуп келет. Сот отуруму эртен,19-ноябрда Кадамжай райондук сотунда каралат.

6

 

3

5

4

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×