Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 17.11.2014 17:57

Кызыл-Кыяда эки автоунаанын сүзүшүнөн бир айдоочу каза болуп, 4 өспүрүм ооруканага жеткирилди

Turmush -  Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында 15-ноябрь күнү жол-транспорт кырсыгы болду, деп билдирди ИИМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка таянсак, саат 17:30дар чамасында Ош-Исфана унаажолунун 78-чакырымында «ДЭУ Тико» менен «Хундай Старекс» унаалары сүзүшкөн.

Ведомстводон билдиришкендей, биринчи унаанын рулунда Караван айылынын 40 жаштагы тургуну болгон, ал эми экинчи унааны Ноокат районунун Бел-Кайрагач айылынын жашоочусу башкарып бара жаткан.

Бетме бет сүзүшүүнү жыйынтыгында «Тиконун» айдоочусу ошол жерден каза болуп, төрт жүргүнчү - 13 жаштагы М.И., 12 жаштагы М.И., 11 жаштагы М.А., 17 жаштагы Т.М., ошондой эле, «Хундайдын» айдоочусу ар кандай жаракаттары менен аймактык ооруканага жеткирилишти.

Тийиштүү экспертизалар дайындалды, окуянын кандай болгонун аныктоого багытталган бардын иш-чаралар белгиленди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×