Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Баткен облусуЛейлек району 17.11.2014 13:14

«Кыргызмунай» жер салыгы үчүн Лейлек районуна 3 млн сом карыз

Turmush -  «Кыргызмунай» 2009-жылдан бери Лейлек районуна 436 гектар жерге салык төлөбөй келет. Бул тууралуу райондук мамлекеттик админстрациясынын бөлүм башчысы Камал Хамдамов билдирди.

Анын айтымында, «Кыргызмунай» чийки заттарды өндүрүп келет. Мыйзам боюнча ал жергиликтуу бийлик менен келишим түзүп, убагында салыгын төлөп турушу керек эле.

Белгилей кетсек, «Кыргызмунай» Лейлек районуна 3 млн сом карыз.

Учурда бул факт боюнча укук коргоо органдарынын кызматкерлери териштирүү жүргүзүшүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×