Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 17.11.2014 12:42

Кызыл-Кыя шаарында 2014-жылдын 9 айына карата 108 кылмыш иши козголгон

Turmush -  Кызыл-Кыя шаарында 2014-жылдын 9 айына карата 108 кылмыш иши козголгон, бул былтыркы жылга салыштырмалуу 26 кылмышка көп. Бул тууралуу Кызыл-Кыя шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен шаардык сотко жибарилгени - 87, ал эми өндүрүштөн кыскартылганы — 12.

Өндүрүштөн 26 кылмышка көп токтогон. Прокуратура тарабынан 24 кылмыш иш козгоодон баш тартылган материалдар бузулуп, кайрадан кароо үчүн жиберилген.

Алардын ичинен 2 материал боюнча кылмыш иши козголгон. Берген маалымат боюнча тергөө жолу менен 5 кылмыштын бети ачылган. Кылмыш иштин изи сууй электе 5 кылмыштын бети ачылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×