Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 17.11.2014 10:02

Кызыл-Кыяда 2014-жылдын 9 айында 46 адам издөөдө жүргөн

Turmush -  Кызыл-Кыя шаарында 2014-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча кылмышкерди издөө багыты боюнча 46 адам издөөдө жүргөн. Бул тууралуу Кызыл-Кыя ШИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен 23 кылмышкеркер кармалып, кармоо көрсөткүчү 50%ды түздү.

Ал эми былтыркы жылы бул көрсөткүч 52%ды түзгөн. Алардын ичинен өтө оор кылмыштар боюнча 5 жаран изделүүдө. Калган 18 атуул ар кандай беренелер менен өздөөдө жүрүшөт,

Дайынсыз жоголгондор 23, алардын ичинен 19 адам табылган. Адамдын жансыз денесин табуу боюнча 5, анын ичинен өздүгү аныкталганы 3 болуп, пайыздык көрсөткүч 82,6%ды, тактап айтканда былтыркы жылдын 9 айына салыштырмалуу 2.6%га көп аткарылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×