Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-июнь
Баткен облусу, Баткен 13.10.2014 12:45

Баткенде кыргыз бийи боюнча сынак өтүп, 20га жакын бий көрсөтүлдү

Turmush -  Кыргыз бийи күнүнө карата Баткен шаарынын борбордук аянтчасында кыргыз бийинин сынагы өткөрүлдү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, «Улут жүзү» коомдук фонду жана жеке ишкер Рустам Маманов тарабынан уюштурулууда.

Иш-чаранын алкагында район, шаарлардан келишкен мектеп окуучулары жана бийчилер тарабынан 20га жакын бий көрсөтүлүп, «Кара жорго» бийин мыкты бийлеген көрүүчүлөргө баалуу белектер тапшырылды.

Кыргыз бийи күнүн өткөрүү боюнча Баткен облусундагы өкүлү Кенжебек Салибековдун айтымында, бул иш-чара элдик бий ышкыбоздорун жана кыргыз элинин хореографиялык исскуствосунун жетишкендиктерин даназалоо жана жайылтуу максатында өткөрүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×