Бөлүмдөр
Шейшемби, 12-ноябрь
Баткен облусуБаткен району 12.03.2014 15:11

Баткен районунун Кара-Булак айылында жаңы спорт залга жаңы эмеректер берилди

Turmush -  Жаз майрамынын алдында Баткен районунун Кара-Булак айылында айыл тургундарына Айылдык ден соолук комитеттери тарабынан өзгөчө белек тартууланды. Бул тууралуу Баткен райондук мамлекеттик администрациянын басма сөз кызматы маалымдады.

Айылга курулуп жаткан жаңы спорт зал үчүн «Ден соолук көйгөйлөрү боюнча жамааттарынын аракеттери» долбоорунун алкагында колдоого алынып, Швейцария өкмөтүнөн спорттук инвентарлар белекке берилди.

Белек тапшыруу аземине Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары К.Кыдырова, «Ден соолук көйгөйлөрү боюнча жамааттарынын аракеттери» долбоорунун Баткен облусу боюнча тренери Х.Усмановалар катышып, айыл тургундарын бүгүнкү кубанычтуу күндөрү менен куттукташты.

Аталган долбоор Кара-Булак Айылдык ден соолук комитети менен С.Эрматов атындагы орто мектептин директору Т.Эрматовдун биргеликте аракетинин негизинде ишке ашырылды.

Жалпы суммасы 170 миң сомдук заман талабына шайкеш келген спорттук инвентарлар аталган спорт залга берилип, айыл тургундарынын жашоонун сергек мүнөзүнө тарбиялануусуна өбөлгө болуп, спорт менен машыгууга жакшы шарттар түзүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×