Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-ноябрь
Баткен облусу 03.03.2014 14:26

Баткенде спорттун волейбол түрү боюнча мелдештин жыйынтыгы чыгарылды

Turmush -  Баткен шаарынын борбордук стадионунда спорттун волейбол түрү боюнча мелдештин жыйынтыгы чыкты. Бул туурасында Баткен шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы Жумабай Токсобаев билдирди.

Анда 1-орунду Баткен районунун Самаркандек айыл өкмөтүнүн командасы ээлеп, 27 миң сом акчалай сыйлыкка ээ болду, 2-орунду Баткен шаарынын командасы ээлеп, 15 миң сом сыйлык, ал эми 3-орунду Кызыл-Кыя шаарынын командасы жеңип, 8 миң сом акчалай сыйлыктарга ээ болушту.

Ж.Токсобаевдин маалыматы боюнча, боюнча мелдешке жалпысынан 24 команда катышып, ага Ош, Жалал-лАбад жана Баткен облустарынан келишкен.

Белгилей кетсек, мелдеш Баткен районунун жана Баткен шаарынын дене тарбия жана спортту өнүктүрүүдө зор салымын кошкон Тажидин Таабалдиевдин элесин жана волейболду өнүктүрүү, достукту бекемдөө, жаштардын спортко болгон кызыгуусун арттыруу болуп саналат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×