Turmush — Эгемендүүлүктү алган жылдардан бери Кыргызстанда бир нече жолу шайлоо өттү. Анын айрымдары өзгөчө окуялар менен элдин эсинде калды. Аймактык кабарчы айрым активисттердин ошол күндөрдөгү кызыктуу окуяларынан маалымат топтоду.
Интернационал айылынын квартал башчысы, активист Нургүл Эсенаманова эгемендүүлүктү алган жылдардан бери шайлоолордон калбай катышып келет.
Ал 1972-жылы Ат-Башы районунун Кара-Суу айылында төрөлгөн.
«Мен жети жылдан бери элетте аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү болуп эмгектенип келем. Өзүм дагы атуулдук милдетимди аткарып, эгемендүүлүктү алган жылдардан бери шайлоолордон калбай катышып, добушумду берип келем. Айрым учурда мен тандаган партия же президент өтүп кеткен учурлар болгон. Шайлоого барбай, добушунун чоӊ мааниси бар экенин аӊдабай, бул ага тиешеси жоктой жүргөн адамдарга таӊ калам. Анан шайлоо өткөн соӊ ар кандай куру дооматтарды койгону курусун. Алгач өзүӊдүн милдетиӊди аткар, анан башкалардан талап кыл демекчимин. Аялдардын үй-бүлөдөгү көр-тирилиги шайлоо күнү добуш берүүгө мүмкүнчүлүк бербей калышы мүмкүн. Бирок адатта көчө таптап жүргөн же убактысы көчөдө, эл арасында өткөн эркектер шайлоого барбай койсо, бул чоӊ уят!
Эсиӊиздеби, мурда талапкерлер кой союп, жашик-жашик арактарды алып келип, элге тамак берип алдашчу. Курсагы тойгон кишилер коноктогон талапкерди мактап жатып калышчу. Бул көрүнүш эгемендүүлүктү жаӊы алган учурда, Аскар Акаевдин убагында болгон. Кийин өсүмдүк майын, ун таратууга өтүшкөн. Андан кийин акчалай кармата баштаганын угуп жүрдүк. Ошондогу окуяларды эстесем күлкүм келет. Азыр эми добуштун баасы дагы өсүп калыптыр деп, айылда элдер күлүп, кеп кылышууда.
2005-жылы болчу. Бир тууган эки эжем тең акимиатта иштешчү. Ошол кезде бир талапкерге иштеп бергиле деп кайрылган. Жакшы иштеп, көп добуш алып утуп чыккан эле. Бирок бир-эки айдан соӊ эл көтөрүлүп, ошо кездеги президентибиз А.Акаев качып кетип, жаӊы түзүлгөн парламент иштегенге да үлгүрбөй калышкан. Ошол убактарда көп эле мыйзам бузууларды көрүп жүрдүк. Анда чөнтөк телефонубуз да, фотоаппарат да жок. Уюлдук телефон жаӊы чыккан кезде жолдошум эӊ биринчилерден болуп 3500 сомго «Нокия» алган эле. Ал кезде 3500 сом көп акча болчу. Азыркы учурдай сүрөткө тарткан телефон болгондо көп нерсени тартып калмакпыз.
Раматылык атам пенсия алып, чалдар менен бир аз ичип, борбордо илинип турган баннерди жинденип тытып салат. Атама жакпаган талапкер окшойт. Кайсы талапкер экени эсимде жок. Он жылдай болуп калды. Аны бирөө көрүп калып, Кант шаарындагы милицияга телефон чалат. Алар учуп келип, атамдын буту-колун кайрып кармап кетишет. Атам үйгө жеткенге да үлгүрбөптүр. Элестетиӊиз, 70 жаштагы чалды буту-колун кайрып, унаага салып кетишкенин. Мен ошол айылда турганым менен үйүм башка көчөдө жайгашкан. Чачымды боеп алып, мончого камданып жаткам. Бир маалда үйгө бир-эки унаа келип токтоду. Карасам милиция кызматкерлери. «Турусбектин кызы сенсиӊби?» десе жүрөгүм түшүп калды. «Атаӊар бизде, бир суткага камап койдук. Эртең келип, сотто айып пулун төлөп чыгарып кеткиле» деди. Чачымды жуубастан РИИБге учуп бардым. Жетекчи улуу эле киши экен. «Азыр алып кетем» десем, «менин деле атам бар, эми мыйзам ошондой. Атаӊдын курсагын тойгузуп, жылуу жумшак жаткызып койдук. Уктап жатат» деди. Ошентип эртеси соту болду дагы, айып пулун төлөп алып кеттик. Айылда болсо сенсация болдук. Милицияга кабарлаган кишини тез эле таптым. Көрсө ошол партиянын агитатору экен. Өзүбүздүн эле айылдаш теӊтушубуз болуп чыкты. Телефон чалып алып уруштум. «Карыган чалды салып бересиӊ. Адамдык сапатың каякта?» дедим. Эми азыр деле элдин маанайы ошондой сыяктуу. Мисалы, бир туугандар беш башка партияга бөлүндүк. Эмне болсо да тынч өтсө экен. Оорунун экинчи толкуну дагы келет деп жатышат. Эл аман болсо экен деп тиленем», - деди ал.
Кемин районундагы шайлоо участогунун төрайымы Багдагүл Өмүркулованын эсинен комиссиянын маркерине ишенбей, өздөрүнүн калемин көтөрө келген топ кишинин окуясы кетпейт.
Ал 1965-жылы Кемин районунда төрөлгөн.
«Эгемендүүлүктү алган жылдардан бери шайлоолордон калбай, өзүмдүн жарандык милдетимди аткарып келем. 2020-жылдан баштап шайлоо комиссиясына мүчө болуп кирип, кийин катчысы, азыркы убакта төрайым болуп иштеп келе жатам. Президенттик, парламенттик шайлоолорго катышып келем. Ортодо референдумдардан, жергиликтүү кеӊештин шайлоолорунан калган жокмун. Шайлоого ар бир жаран эмне себептен катышуу керек? Ошол ар бир жарандын эртеӊки келечеги, жашоосу, тагдыры мына ушул күнү чечилет. Бул мага тиешеси жок, менин жашоом жакшы эле же баары бир менин добушум эч нерсе чечпейт деген пикирлер туура эмес. Ал өзүнүн келечегине, өзүнүн жашоосуна кайдыгер, өзүнүн балдары үчүн санаа тартпаган адам деп билем.
Өткөндөгү шайлоолордун биринде бир окуя эсимде калды. Ошондо бир топ киши келип, «силердин кол койгон маркериӊер жарабайт. Силер атайын аны жасап койгонсуӊар» деп ызы-чуу чыгарып, өздөрү көтөрүп келген калемдер менен добуш берип кетишкен. Бирок ал кишилердин добушу кийин жараксыз болуп калды. Азыр дагы ошол сыяктуу күлкүлүү суроолорун берип калышат. Мисалы, «калемиңердин өӊү өчүп калат экен. Күнгө тоссо күйүп калат экен. Биз өз калемибиз менен келсек болобу?» деп жатышат», - деди ал.
Токмок шаарынын тургуну Алтынай Эгембердиеванын эсинен таң атпай шайлоого келген карыянын окуясы эсинен кетпейт.
Ал чыгармачылыкта 12 жылдан бери, ал эми билим берүү тармагында 15 жылдан бери үзүрлүү эмгектенип келе жатат.
«Бир далай партия үчүн чуркап, ырдап, үгүт иштерине катышып келдим. Эми ар кимдин тандоосу ар башка эмеспи. Бирөө бирөөнү тигини танда, муну танда дегенге укугу жок. Экинчиден, ар бир жаран сөзсүз түрдө шайлоого катышууга милдеттүү. Мейли ал баарына каршы болсун, катышышы керек. Шайлоого кандай адам барбайт? Ал өзүн сыйлабаган, Кыргызстандын келечегине кайдыгер караган, балдарынын камын ойлобогон, өзүмчүл, кекчил, кара ниет адамдар барбайт деп ойлойм. Дайыма жакшы ойду ойлоп, жакшы үмүт менен жашаш керек. Жакшы ой — жарым ырыс. Баарыбыздын пейилибиз түзөлүп, бири-бирибизди шектүү карабай, ар бирибиз өз добушубузду бергенде гана бир кадам жылыш болот деп эсептейм.
Президенттик шайлоо болчу. Мен байкоочу болуп катталгам. Элден биринчи комиссиянын даярдыгын көргөнү таӊ атпай шайлоо участогуна барганбыз. Бир маалда эшикке чыксак, бир киши турат. «Таӊ атпай эмне келдиӊиз. Дагы 1 сааттан кийин башталат да. Сиз аябай патриот, Кыргызстандын келечеги үчүн күйгөн киши турбайсызбы» деп күлдүк. Ал болсо «эрте келгенимдин себеби, кемпириме жолугайын деп келдим. Шайлоого келсем, каза болгон кемпиримдин кол тамгасы дайыма коюлуп, шайлоого катышып кетет» деп күлүп калды. Биз алгач чынбы же тамашабы деп бир аз ойлоно түштүк. Анткени байкоочулар ар бир нерсени карап, ар бир туура эмес иштерди айтып турушубуз керек эле да. Анан тигил киши кайра күлүп, «тамаша кыздар. Бул эл арасында айтылып жүргөн анекдот. Добушумду эч кимге сатпай, элден биринчи келип, өзүмдүн тандаган президентиме добуш салганы келдим» деди. Аны тааныгандар: «Бул киши аябай мекенчил киши. Өзүнүн көчөсүнө, өзүнүн айылына дайыма жардам берип келет» дешти. Мен абдан ыраазы болуп калдым», - деди ал.
Аламүдүн районуна караштуу Таш-Дөбө айылдык кеӊешинин депутаты Венера Качкыналиева: «Шайлоого карата элдин маанайы жакшы. Улам барган сайын эл ойгонуп келе жатат. Кудай буюрса бул шайлоого эл көп барат болуш керек. Анткени ар бир жаран шайлоого барып добуш берүү көп нерседен көз каранды экенин билип калышты. Азыр баары эле эртеӊки келечекке кенен көз караш менен карап, тереӊ анализдеп калышты. Азыр дебаттарды көрүп жаштардын дымагын, билимин, маданияттуулугун, иш билгилигин көрүп, ыраазы болуп жатам. Кыргызстандын келечегинен үмүтүбүз бар.
Бир жолу партиялык шайлоодо кайсы бир партия бизге жакын коӊшу айылга келип, элге боз үй белекке берген. Кийин ал партия шайлоодон өттү. Өтпөй калса да бир жөн. Анан эшеги суудан өткөн соӊ, баягы боз үйдү чечип кетишкен. Балким бул жөнүндө лидери билбеген чыгар. Муну ылдый жактагы кызматчылары эле кылган болушу керек. Кээ бир адамдардын бети ушунчалык калыӊ болот экен. Ушул окуя менин эсимден такыр кетпейт», - деди.
Сокулук районунун Новопавловка айылдык кеӊешинин депутаты Сүйүнбай Табалдиев: «Ар кандай ыкма менен шайлоо өткөрүп келишкен. Мурда №2 форма жок кезде деле элди ары-бери ташып, шайлоого катыштырып келишкен. Ошондо шаарда тургандар, көптөн бери айылга жете албай жүргөндөр шайлоонун шарапаты менен айылды бир көрүп келишчү. Кийинки учурларда №2 форма элди бөлүп-жарды. Эл деле көнүп калат экен. Шайлоо бүткөн соӊ ар ким өз оокаты менен алышып, кайра эле достошуп кетесиӊ. Кандай гана шайлоо болсо дагы ар ким шайлоого катышып, туура добуш берүү керек. Бул кааласаӊ дагы, каалабасаӊ дагы түздөн-түз милдетиӊ», - деди.
Эгемендүүлүктү алган жылдардан берки шайлоолордогу урунттуу учурлар, сиздин эсиӊизде калган кызыктуу окуялар, архивдеги сүрөттөр болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Эскертүү! Кайсы бир партияны колдоп, үгүт кылуу, кимдир бирөөнүн атын атап жамандоо боюнча билдирүүлөр, пикирлер кабыл алынбайт.