Turmush — Евробиримдиктин каржылоосу менен Кыргызстандын алыскы Лейлек, Баткен, Ноокат, Кара-Суу, Өзгөн райондоруна жана Кызыл-Кыя, Ош шаарларына коронавирустан коргонуучу каражаттар алынып келди.
Маалым болгондой, 2020-жылдын 26-мартында президент Сооронбай Жээнбеков Евробиримдиктин Кыргызстандагы элчиси Эдуард Ауэр менен жолугушкан. Анда кыргыз элине коронавируска каршы күрөшүүдөгү жардам берүү маселеси каралган.
Анын жыйынтыгында «Ош облустук айылдык кеңеш берүү кызматы» коомдук фонду Еевробиримдик каржылаган «Лейлек районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн жергиликтүү башкаруу органдарын жана коомдук бирикмелерин чыңдоо» долбоорунун алкагында алыскы Лейлек, Баткен, Ноокат, Кара-Суу, Өзгөн райондорун жана Кызыл-Кыя, Ош шаарларын вирустан коргонуучу атайын кийимдер, коргонуучу бет каптар, антисептиктер, биринчи жардам көрсөтүүчү медициналык каражаттар, бей-бечараларга азык-түлүктөр (ун, кант, май, күрүч, кесме, чай) жана санитардык постто турган кызматкерлерди тамак-аш менен камсыз кылып жатат.