Бөлүмдөр
Шейшемби, 28-январь
Баткен облусуБаткен району 15.01.2020 14:32

Эртең Баткенде күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен чогуу жыйын өтөт

Баткен шаары
Баткен шаары

Turmush -  Эртең, 16-январда Баткен шаарында Кыргызстандын вице-премьер-министри Жеңиш Разаковдун жетекчилиги менен чек ара маселелери боюнча Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин, Мамлекеттик чек ара кызматынын, Ички иштер министрлигинин, Баткен облусунун жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилеринин катышуусундагы координациялык кеңешме өтөт. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кеңешмеде чек арага чектеш жайгашкан аймакта коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыз кылуу, облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча маселелер талкууланат. Ошондой эле тажик тарап менен сүйлөшүү процесси боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, чек ара кызматташтыгын бекемдөө тууралуу маселелер талкууланат.

Вице-премьер-министр Баткен облусундагы иш сапарынын алкагында Көк-Таш айылынын жашоочулары менен жолукту. Бир катар маселелер, анын ичинде чагымчылдык аракеттерге шектелген айылдын 4 жашоочусунун камакка алынышы талкууланды. Бул маселе мыйзам чегинде дыкат каралат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×