Бөлүмдөр
Шейшемби, 28-январь
Баткен облусу, Баткен 15.01.2020 12:55

Баткен шаарында камакка алынган адамдарды бошотууну талап кылып ондогон адамдар чогулду. Сүрөт

Turmush -  Бүгүн, 15-январда саат 10:00 чамасында Баткен шаарында ондогон адамдар топтолду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалым болгондой, алар Көк-Таш айылындагы чек арада болгон кыргыз-тажик чатагында кармалган 4 адамды бошотууну талап кылып жатышат.

Окуя тууралуу:

Буга чейин Баткен районунун Көк-Таш айылындагы кыргыз-тажик жарандарынын ортосунда чыр чыккан. 10-январда кечинде тажик тараптагылар кыргыз жаранынын оор жүк ташуучу унаасына таш ыргытышкан. 10-январда милиция жана Чек ара кызматы Тажикстандын тиешелүү жетекчилиги менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Анда эки тарапка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектиги айтылган.

11-январь күнү кыргыз тарап тажик жаранынын «Портер» унаасына таш ыргытышкан. Айылдагы көпүрөдөн тажиктер кыргыз жарандарын көздөй таш ыргытышкан. Тажик жарандын унаасына таш ыргыткан 3 кыргыз жаранын милиция кызматкерлери кармап, Баткен РИИБге алып кеткен. Көк-Таш айылынын тургундары милиция кармап кеткен 3 адамды чыгарууну талап кылып, Баткен—Исфана унаа жолун жабышкан болчу. Кийин элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жол ачылган.

Кийинчерээк Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы жогорудагы окуяларга катыштыгы же аларды уюштурганга тиешеси бар Көк-Таш айылынын 4 жашоочусу убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын кабарлаган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×