Бөлүмдөр
Шейшемби, 28-январь
Баткен облусуЛейлек району 14.01.2020 09:16

Бүгүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда катуу жаан-чачын жаашы мүмкүн

Иллюстративное фото
Иллюстративное фото

Turmush -  Бүгүн, 14-январда күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы ыктымал. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү жаралат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×